Премьер-министрликке Темир Сариев даярдалып жатат

Премьер-министрликке Темир Сариев даярдалып жатат

06-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жай ортосунда кызматынан кетээри кайра-кайра айтыла баштады. Ошондой учурда ордуна ким келет деген суроо коомчулукта кызуу талкууга түшөт. Баягы эле айтылып жүргөн ысымдар көп кайталанууда. Мүмкүнчүлүгү көптөрдүн катарында Темир Сариевди айтып жүрүшөт. Ал буга чейин да Өкмөттү башкарган. Демек тажрыйбасы бар. Регионалдык жактан алганда да Сары-Өзөн Чүйдүн кадырлары жогорку бийликте жок экен.  Ушундай факторлардын негизинде Темир Сариев Өкмөттү башкарып калса  экономиканы кескин көтөрө алчу программа сунуш кылып аны ишке ашыра алабы? Айрымдар Өкмөт башчыга талапкер аталып жүргөн Эдил Байсаловго караганда Темир Сариев оңураак жетекчи болоорун ачык айтышууда.

Булак: Аргумент.кж