Премьер-министр Абылгазиев Кеңешбек Дүйшөбаевди, Азимбек Бекназаровду эмнеге кабыл алды?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

27-сентябрда КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз курултайчылары Кеңешбек Дүйшөбаевди, Азимбек Бекназаровду жана Айбек Бусурманкуловду кабыл алганын биздин жеке булактар билдирди.
Маалыматка караганда курултайчылар премьер-министрдин алдына Алмаз Атамбаевдин учурунда чет өлкөлүктөргө сатылып кеткен алтын кендеринде Кыргызстандын 1% да үлүшү калбай, 100% чет жердин жарандарына өтүп кеткендигине байланыштуу ал келишимдердин шарттарын кайра карап чыгып, жок дегенде кыргыз мамлекетине кыргыз алтын кендеринин 50% үлүшүн кайтарып алуу маселеси коюлган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев курултайчылар көтөргөн маселе боюнча азырынча Таластагы Жерүй алтын кенинен кыргыз эли үлүш алыш керек деген жүйөөгө макул болуп, бул багытта өкмөт иштей турганына убада кылган.
Таластагы 4 млрд доллар алтыны бар Жерүй алтын кенинин 100%  үлүшүн 2015-жылы президент Алмаз Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 млн эле долларга Россиялыктарга сатып жиберишкен.
Ал эми Чаткалда, Ала-Букада Атамбаевдин жан сакчылары, шоопурлары талкалап саткан алтын кендери боюнча өкмөт азырынча унчуга элек.
Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg