Полковник Улан Султанов уурулар менен 100 миң долларды бөлүшкөнбү?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2021-жылдын 18-январында Бишкектин Октябрь районуна караштуу 6-кичирайондо саат 10:00 чамасында үйгө уурулар кирип, чоң суммадагы акчаны жана алтын зер буюмдарды уурдап кетишкен. Бул иш боюнча Октябрь РИИБсинде иш ачылып, бирок ишеним көрсөтүлбөй, иш ИИМге өткөн. Ал жакта кармалган уурулар кылган кылмышын моюндарына алышып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Сот ошол уурулардын бирине таандык болгон “Рендж Ровер” автоунаасына арест койгон. Андан кийин ошол аресттеги унааны уурулардын адвокаты Таир Жообазаров ишеним кат аркылуу өзүнө өткөрүп, бир жумадан соң ИИМдин БМЖККК (Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы) башкармалыгынын башчысы болуп иштеген иниси Тимур Жообазаровго толук түрдө өткөрүп берет.

Тимур Жообазаров Биринчи Май райондук сотуна чакырылып, автоунааны 7500 долларга сатып алганын, учурда ал унааны досу Алмаз Тажикстанга айдап кеткендигин айтып берген. Сот иштери бүткөн соң, биз башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, иш шаардык УКМКга келип түшкөн, бирок ушул күнгө чейин тергөө амалдары бүтпөй келет.

Адвокат Таир Жообазаров жана иниси (экөө тең ички иштер министрлигинин кызматкерлери) иштин жагдайын эң жакшы түшүнүп турушуп, кызмат абалдарынан пайдаланып, унааны өзүмдүк кылып алышкан. Тимур Жообазаров ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы болуп иштеп туруп, уурулар менен кандайча кызматташат? Мүмкүн Казакстандан келген бул ууруларга ал өзү “крыша” болуп келгенби? Болбосо сырттан келген бөтөн адам башка өлкөдө көптөгөн уурулук жасап, узак мөөнөткө абакка кесилип, кайра тез эле абактан чыгып, кайрадан уурулук менен алектенип келген. Эмне үчүн Т.Жообазаров бул ууруларды өз мекенине депортациялабайт? Өзүбүздүн  органда иштеген бул адам ууруларды эмне себептен калкалоодо? Эмне үчүн УКМКнын тергөөчүлөрү Тимур Жообазаровго тили өтпөйт? Же “карга карганын көзүн чукубайт” болуп атабы? Бизде мыйзам, сот өкүмү жалаң гана карапайым адамдарга эле иштейби? Же органдагы адамдар сот өкүмүн сыйлашпайбы?..

Бул иш Улан Султанов Октябрь РИИБнин начальниги болуп турганда башталган. Демек, иш боюнча анын кабары болгон. Кызыгы, иштин башы Улан Султанов иштеп кеткен райондон башталып, аягы да азыркы өзү иштеп жаткан БМЖКККнын бир кызматкерине барып такалууда. Бул жөн гана дал келүүбү же бир сыры барбы? Анын кол алдында иштеген кызматкери Тимур Жообазаров кызмат абалынан кыянат пайдаланып жатканынан кабардар болду бекен? Деги биздин өлкөдө адилеттүүлүк орнойбу? Качан биздин милициялар бизди коргойт? Биз уурусу жок, тынч өлкөдө жашайбызбы?

Айрым мааламаттар боюнча, агездеги Октябрь РИИБнин начальниги Улан Султанов ууруну карматып, тонолгон 100 миң доллар чамасындагы каражатты бөлүшүп алышканбы? Бул версия ИИМдин өздүк курамынын ичинде айтылып жатканы жөн жерден эмеспи? Атайын органдар бул суроого баа берерине ишене туралы…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg