Полковник Улан Султанов Катардан футбол көрүп, эч кимди тоготпой калганбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Улан Султанов артынан арбын кеп ээрчитет эмеспи. Бул жигит иш күндөрүнө карабай, Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка барып келгени кабарланды. Жанында коштогон опери Айбек Осмоналиев бар дейт. Өзгөчө маанидеги кызматты аркалаган чиновниктин минтип сайрандап жүргөнү кандай? Катарга учуп барган жол акы, стадионго билет алганы, кымбат мейманканага жатканы, жеп-ичкени, айтор, баарын эсептей келгенде, канча миң каражатты түзөт? Бери дегенде 20 миң долларды чапчыйбы? Мамлекеттик кызматтын этикасын, эрежесин сакташ керек да. Же жеке жыргалчылыгы, көңүл ачуусу үчүн өз билгенин кыла береби? Тийешелүү жетекчиликтер тарабынан баа берилеби? Мыйзам баарына бирдей болушу шарт…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg