Полковник Нурбек Калыкеев ИИМдин сунушунан баш тартып, кыялын көрсөттү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аз күн мурун Нурбек Калыкеев Ысык-Ата РИИБнин начальнигинен кетти. Кыялын көрсөткөндө муруттары титереп кетиптир. Себеби бар. ИИМден Токтогул РИИБни башкаруу сунушталса, ал баш тартыптыр. Мындай кадамга баруу үчүн дух керек эмеспи. Милициянын ичинде бекем мүнөзү, кайраты менен Нурбек Калыкеев айырмаланары, көз карашына туура келбеген көрүнүштөргө каршылык көрсөтөрү белгилүү. Ал буга чейин жогорку жетекчиликтерден коркпой, өзүнө жакпаган иштер болсо ачык айтып, кыр көрсөтүп келгени жашыруун эмес. Убактылуу кызматтан четтеген Нурбек Калыкеевдин мындан аркы кадамдары кандай болоруна көз салып турмакчыбыз.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg