Полковник Айбек Жайлообаев “Мегакомго” майлуу кызматка барды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы ИИМдин кызматкери, артынан бир топ чуулгандарды алып жүргөн Айбек Жайлообаев “Мегакомго” айлыгы арбын кызматка барыптыр. Коопсуздук начальниги.

Башынан “майлуу” жерлерге башын салып жүргөн полковниктин жерде калбаганы ушул эмеспи. Устаты Мелис Турганбаев болсо, адам менен мамиле жасаганды, чоңдорго кошомат кылганды кыйла өздөштүрсө керек да.

Бирок ИИМ системасына көрүнүктүү иш кылганын эстей албайбыз. “Мегакомдо” айлык арбын экени жашыруун эмес. Жок дегенде өзү үчүн кызмат кылат тура…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg