Pfizer вакцинасы өлүмгө алып келген мээ ооруларын пайда кылат дейт АКШ илимпоздору

Америкалык окумуштуулар Pfizer / BioNTech коронавирусуна каршы вакцина узак мөөнөттүү неврологиялык зыянга, анын ичинде Альцгеймер жана Лу Гехригдин өлүмгө алып келүүчү ооруларына алып келерин эскертишти. Изилдөө Microbiology & Infectious Diseases журналына жарыяланды, деп жазат  Lenta.ru.

Адистер COVID-19 дарысы прион менен байланышкан ооруларды, мээни жабыркатуучу нейродегенеративдик ооруларга алып келерин аныкташты, деп билдирди ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC).

Ошол эле учурда, документте РНКга негизделген SARS-CoV-2 вакциналары Кошмо Штаттарда шашылыш буйрук менен коопсуздуктун кеңири сыноолорусуз бекитилгендиги көрсөтүлгөн.

Окумуштуулар мРНК адамдын ДНКсын түбөлүккө өзгөртөт деп эсептешет. Pfizerде колдонулган генетикалык модификацияланган белоктор адамдын геномуна интеграцияланып, ал жерде түбөлүккө калат. Башкача айтканда, адамга ушул дары сайылган болсо, анда артка жол жок, деп баса белгилешти изилдөөчүлөр.

АКШ ошондой эле калкты Pfizer / BioNTech жана Moderna дары-дармектери менен эмдей баштады. Улуу Британияда Pfizer жана AstraZeneca вакциналары жактырылды.

Булак:argument.kg

Аргумент.kg