Пенсиянын убагында берилбей жатканы тууралуу СОЦфондго 3,6миңден ашуун арыз түштү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-апрель айларында 3 миң 613 арыз жана кайрылуу келип түшкөн.

Соцфонддун басма сөз кызматы билдиргендей, жазуу түрүндө 130, ооз эки 410 жана электрондук түрдө 78 кайрылуу келип түшкөн.

Жарандарды кызыктырган суроолор:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 47 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Соцфонддон кошумчалашкандай, 2023-жылдын январь-апрель айларында 1 миң 964 телефон чалуу жана уюлдук телефон аркылуу 984 чалуу түшкөн.
Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg