Жогорку Кеңеште 61 депутат педофилдерге өлүм жазасын караштыруу сунушун киргизишүүдө.Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз оюн билдирди.
«Өлүм жазасын алып салуу – бир нече ирет жалпы элдик добуш берүү менен аныкталган конституциялык норма. Ал убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт», — деген Байсалов.
Белгилей кетсек,Кыргызстандын азыркы Баш мыйзамы боюнча өлкөдө өлүм жазасын киргизүүгө тыюу салынган.
Булак:Аргумент кж