Педофилдерге өлүм жазасы киргизилет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Дастан Бекешевдин билдиргенине караганда ЖКнын 61 депутаты президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп жатат. Анын мааниси эмнеде? Анда депутаттар педофилдерге каршы өлүм жазасын киргизүү тууралуу референдум өткөрүүнү сунуш кылышууда. Чындар эле ММКлар жана соцтармактар аркылуу билгилүү болгондой педофилдик жаш- оспүрүмдөргө сексуалдык ыдык, зордук көрсөтүү фактылары билинбеген менен аз-азадап көбөйүп бара жатат. Балким мындай катаал жазалоону киргизүү бул ит адатты токтотоор, же жок дегенде кескин азайтаар, бирок Кыргызстан өлүм жазасын алып салган өлкөлөрдүн арасында атайын документке да кол койгонбуз. Мындай чечим кабыл алынса эң абройлуу эл аралык уюм БУУ кандай мамиле кылат. Экинчиден коомчулуктун айрым өкүлдөрү мындай жазаны киргизүү жөн эле мындай жазаны киргизүү өч алуу факторуна айланып кетиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Айтор бул маселенин 2 жагы болуп жатат.

Бир жагы чын эле мындай кылмышты токтотуу үчүн керектир

Экинчи жагы жогоруда биз атагандай татаал маселелер чыга калышы толук мүмкүн

Айтор, бул маселе жөнөкөй эмес экендиги белгилүү.

Аргумент.кж

 

 

Аргумент.kg