Парламентте кооз сүйлөгөн күйөөм саунада жылаңач сүрөтүн жибере берет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кымбаттуу Аргумент.кж сайтынын админдери сураныч менин катымды чыгарып берип коюңуздарчы. Атым аноним бойдон калуусун суранам.
Эки жылдан бери бир депутаттын экинчи аялымын. Ортобузда бир кызыбыз бар. Беш жылдан бери эмне иш менен алектене турганын билдим. Мындай ыплас адам экенин билгенимде бул адамдан жаа бою алыс качмакмын. Аялы болсо тажаганда бир баштыкка кийимин салып чыгарып койгон тура. Алар эл көзүнө бир үй-бүлө дегени менен эки башка бүлө болуп калышкан. Учурда үйгө тамак аш алганга да акча бербей баштады. Кызым кичине болгондуктан иштей албайм. Жакында эле дагы бир жаш кызды жетелеп жүргөнүн көрдүм. Бир кезде менсиз жашоосу түгөнүп калганын айтып ыйласа ишениптирмин да. Көрсө өзүнүн каалоосуна жеткенче гана актер болгон тура. Азыр Жогорку Кеңеште отуруп алып адепти ыйманды айтса ушунчалык күлкүм келет. Өткөндө бир коллегасын кабарчы кызды жетелеп деп чыкса менин күйөөм андан ашкан катынпоз экенин эч ким билбегенине таңкалам. Жакында анын кыздар менен саунада жылаңач түшкөн сурөттөрун чыгара турган абалга жетип баратам. Балким окуп калса эсине келер болбосо анда коомдун тепкисине калат деп ойлойм.

Аргумент.kg