Парламент дипломдуу артистерден куралабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Артист-шоу бизнес өкүлдөрү бир далайы парламенттик партиянын катарында аламан жарышка кошулуп калышыптыр. Социалдык тармактарда да “эми ушулардан дагы кайсы жыргаткан депутат чыкмак эле”- деген сын пикирлер көбүрөөк айтыла баштады. Балким бул сындардын жөнү да бардыр. Соцтармактарда миллион катталуучу жыйнаганы менен, Кыргызстанга өтө керектүү мыйзамдарды жазып ишке ашырууда дараметтери жетпей тургандыгы бештен белгилүү. Бирок арасында маданият тармагын колдоого ала тургандай иш-чараларды жүзөгө ашыра алчулары да жок эмес. Сөзүбүздү кургак кылбай мисал келтирсек андайлардын бири көп театрларды жетектеген Темирлан Сманбеков. Билими төмөн шоу бизнес өкүлдөрү келсе деле тигилерге аралашып кете берет. Анткени азыркы депутаттарынын басымдуу көпчүлүгүнүн деңгээли деле алардыкынан ашып кетпейт. Биз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн депутат болуп келишине дел каршы эмеспиз. Бирок чыныгы билимдүү татыктуулары гана келсе. ARGUMENT.KG

Аргумент.kg