Панфилов жана Токтогул көчөлөрүнө жер астындагы таштанды челек орнотулду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине  жер астындагы таштанды челек орнотулуп , ишке берилди.

Маалыматка ылайык,жер астындагы таштанды челеги Панфилов жана Токтогул көчөлөрүнө коюлган. Ошондой эле буга чейин Раззаков-Токтогул көчөлөрүнө орнотулган.

Белгиленгендей, жер алдына орнотулган челектин өзгөчөлүгү таштандыны жер алдына сактагандыктан жыт чыгарбайт, чачылбайт жана айлана чөйрөнүн көркүн бузбайт.

Челектерди орнотуу ишине катышкан Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев мындай таштанды челектери борборубузда көбөйтүлөрүн кошумчалады.

Мэриядан белгилешкендей, «Тазалык» ишканасында иштеген айдоочу, таштанды жүктөгүч жана тазалоочу кызматкерлердин айлыгы 100%дан ашык жогорулады. Башкача айтканда, иштегенине жараша айлык акы берүү ыкмасы тандалып алынды. Эми бир тонна таштанды үчүн айдоочуларга 125 сомдон төлөнөт.

Булак :Аргумент кж

Аргумент.kg