Пандемияда дары-дармекке кеткен чыгымдардын документтери уурдалып, флешкадагы маалыматтар өчүрүлүп кеткен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

7-октябрь күнү белгисиз адамдар Милдеттүу медициналык камсыздоо фондунун кеңсесин  талкалап,  документтерди уурдап, компютердеги маалыматтарды өчүрүп кетишкен. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын ишмердүүлүгүн иликтөө комиссиясынын мүчөсү Самат Асаналиев najdak.kg  сайтына   билдирди.

“Милдеттүу медициналык камсыздоо фондунун кеңсесинин жаныда соода борборлору, банк жана башка мекемелер бар. Аларга тийбей так ФОМСтун имаратын талкалап, компютердеги маалыматтарды өчүрүп кеткени кызык”,-деди Асаналиев.

 

Аргумент.kg