Пандемия учурунда шалаакы жетекчилердин айынан канчалаган дарыгерден айрылдык

Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо жаатында эмгектенген адамдардын пандемия учурундагы шалаакылыг тууралуу да коомдо айтылып келет. Алардын бири бир үй-бүлө болгон Бактыгүл Исмаилова жана И. Шаяхматов.
Бул жетекчилердин пандемия учурундагы шалаакылыгынын айынан бир топ тажрыйбалуу дарыгерлер көз жуумп кеткени ачык жазылган.
Бул тууралуу эркин журналист, коомдук ишкер Элнура Кулуева өзунун социалдык баракчасына жазып чыкты.
“ Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Исмаилова Бактыгуль Сардарбековна деген мадам жөнүндө айта турганга учур келди окшойт.

  1. Исмаилова Бактыгул Сардарбековна ЦЭМге (Бишкек шаардык тез жардам борборуна) ремонт кылуу үчүн 7 млн. 500 миң сом бөлгөн. Башка медициналык жайларга 1 млн, 2 млн. сом гана бөлөт. Эмнеге ЦЭМге мындай жан тартуу деген суроо туулат. Себеби бул жайды жолдошу И.Шаякматов башкарат. Маселе ушунда. Аялы жетекчи жолдошу кол астында. Шаар бийлиги деле бир системада аялы менен күйөөсү иштеп жаткан бул оңтойсуз жагдайды көрмөксөн болуп келе жатышат.
  2. Кечээ жакында пандемиянын отчётун беришти. Бүт шаарды камсыз кылгандай отчёттор. Бул жакты дыкат текшерсин. Бактыгул Сардарбекова 3 ай ооруп ишке чыккан эмес. Бул жагын да карашсын. Жоош замдын колу менен эмнелер кылынды бир Кудай билет. СИЗ ( Средства индивидуальной защиты) дегенде канча акчалар жатат. «Миллиардка» маска алдык деген отчёттор жазылат да..?? Бактыгул Сардарбековнанын агасы АКСте, Сооронбай Шарипович менен чай ичет деген нерсе деле бүттү го. Бул эжекеге деле баа берип койсоңор боло. Вирус апаатында медицина кызматкерленин коргончу кийимдер менен камсыздабай койгону боюнча канча какшап жаздык.

Эмне үчүн ушундай шалаакы жетекчилер жазаланбайт? Мына ушулардын айынын шаарда дарыгелер каза болду го. Же Бактыгул айымга эч кимдин алы жетпейби…”-деп жазган.
Булак:argument.kg
 

Аргумент.kg