Пакистанда башаламандык башталды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Пакистанда экс-премьер кармалгандан кийин башаламандык башталды.Бул туурасында РИА новости билдирди.

Маалыматка ылайык,полиция кечээ саясатчыны бир нече ирет камалоого алып, андан соң резиденциясынан кармап кеткен.

Аталган шаарларда нааразылыкка чыккандар полициянын автоунааларын өрттөп, мамлекеттик мүлккө зыян келтиришкен дешти. Имран Ханды Отчёттуулук боюнча улуттук бюронун кызматкерлери (экономикалык чалгын) «Аль-Кадир» трасты боюнча камакка алган. Бул окуядан кийин «Техрик-и-Инсаф» партиясы жапырт митингге чыккыла деген маанайдагы чакырык таштаган. Буга чейин Отчёттуулук боюнча улуттук бюро Ханга, анын аялы жана «Техрик-и-Инсаф» партиясынын лидерлерине карата иликтөө ишин баштаган. Тергөөнүн версиясына караганда, Аль-Кадир университетин түптөө үчүн траст негиздешип, мындай кадамы менен мамлекеттик казынага 50 миллиард (15 миллиард 50 миллион сомго чукул же 17 миллион доллардын тегерегиндеги сумма) рупия чыгым тарттырган. Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg