Пайгамбарына даттанган Мыктыбек Арстанбек умрадан келсе оңбой калчудай…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Убагында шоумен, алпаруучу, жеңил-желпи журналист катары таанылган Мыктыбек Арстанбек кийин ашынган динчил катары чыга келди. Молдолук ишин мечитинде кыла бербей, акыркы кездери саясатка талпынып, өткөн шайлоодо “Азаттык” партиясы менен аламанга да аттанды. Үйгүшкөн тобу менен өтпөй калышып, тынчыбай жатышканы ырас. Өткөндө умрага барып, тилин чайнап сүйлөп атат. “Биз пайгамбарыбызга даттанабыз, Бактыбек Калмаматовду аэропорттон кармап калышты” деп бийликке акаарат келтирип, сакалын сербеңдете зирпилдейт. Ичинде радикалдуу диний бузукулуктары былгып жатканын ким билсин (?), айтор, буркан-шаркан түшчүдөй кебетеси бар… Андан көп өтпөй “Бул постту эстеп алгыла: акчаны жыйып Кытайга качат” деп Фейсбуктагы баракчасына “балп” эттирди. Жаман оюнда президентти ачык шыбай албай, каймана иретинде былжырап жатканы ушулбу? Посту аркылуу тарапташтарына, динчилдерге Садыр Жапаровду жамандатканга шарт түзүп берип, зили бузуку экенин көрсөттүбү? Мындай молдонун саясатка аралашканы, коомго коркунуч жарата баштаганы өкүнүчтүү! Эмне үчүн укук коргоо органдары унчукпай отурушат? Мыйзамга ылайык баа берилеби? Же талибан тектүүлөр, радикал динчилдир хаос жаратышканда гана ойгоносуңарбы? Анда кеч болуп калат го? Эркизден баш чайкайсың…

Кызыгы, соңку аракеттерден алганда, кыраакы төбөлдүн жинине тийгени үчүн оңбой калчудай болуп атыптыр. Көрө жаталы.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg