ӨЗҮМДӨН ЖАШ ЖИГИТТИ СҮЙҮП КАЛЫП, ТАЛААДА КАЛДЫМ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул менин бешенеге жазылган тагдырымбы же бир келген өмүрүмдө улуу сүйүүгө кабылып, көзүм сокур болуп, ушул жолду тандадымбы? Эмнеси болсо да сезимимди эзгилеген жан сырымды сиздерге айткым келди. Балким мага окшоп сүйүүдөн азап чеккен, сүйүү деп азап тарткан, жалган, бал сөздөргө ишенип, алданып жүргөн кыз-келиндерге сабак болоор.  

Андан бери шамалдай болуп канча жылдар учуп кетти. Дал ошол күн эсимде. Элесимде. Жанга баткан чыкыроон суук. Кеч бешим болуп калганда сапарга чыгууга туура келип калды. Ош шаарынан такси издеп көчөгө чыктым. Көргөн көзүмө ишенбедим. Канчалаган жылдан бери издегеним, мен элестеткен, жолукпай жүргөн жигит бет маңдайымда турду. Көп таксисттердин арасынан 35 жаштардагы сени бир көрүп, өзүңө тартылып турдум. Аппак кар жаап жаткан. Аппак карга колдоруңду жууп машинеңдин жанында турупсуң. Жанымдагы Айжан аттуу курбум экөөбүз сени менен тааныштык. Атың Таалай экен. Жолду катар жолоочудай кеп куруштук. Жубайың, кызың жана жакында дагы бир перзентүү болоруңду айттың. Жүрөгүм алып учуп, үйүң кайсы жерде экенин да сурап алдым. Биз таанышкан күндөн бери арадан бир жума өттү. Сары ооруга чалдыктым. Жандүйнөм бир башкача жалгызсырап, кадимкидей ооруп калдым. Акылсыз сезим менен акыры сени издеп чыктым.

Үйүңдөн жапжаш, супсулуу келин чыкты. Издеп барганыма уялып, “Таалай бар болду бекен?” дегенге араң жарадым.

— Ой, эже, келиңиз, кириңиз, – деп ой-боюма койбой үйгө киргизди. Сен келгенче азыраак кобурашып отурдук.

— Кандайча турмуш куруп калдыңар? — деген суроону узаттым.

— Ий эже, айткым да, эстегим да келбейт, — деди. Кызыга түштүм. Келин айта баштады. – Эже, мен бардар жердин кызымын. Таалайдын карындашы Назгүл менен курбу болчумун. Карындашы экөө алдап мени алакачып кетишкен. “Таш түшкөн жеринде оор” дегендей, мен бул үй-бүлөдө калганым менен ата-энем Таалайдын үй-бүлөсүн теңине албайт. Өзүм дагы ушул күнгө чейин Таалайды жакшы көрбөйм. Анын кыска бою менен көчөдө ээрчишип бирге жүргөндөн да уялам. Биз жашаган бул үйдү да атам сатып берген. Кез-кезде жашоодон тажаганда төркүнүмө кетип калам. Артыман барат. Балдарым үчүн кайра келем. Айла жок кайтып келем, — деди.

— Асел, тилиң тишиңе күбө. Сен жек көргөн Таалайды кимдир бирөө сүйүп калып, жүрөгүндөгү махабаты менен бирге сырткы келбетин, жашоосун дагы оңдоп, ээлик кылып алса эмне кыласың? — дедим.

— Койуңузчу эже, же жумушу жок ушуну ким сүймөк эле?.. — деди.

Аңгыча сырттан Таалай кирип келди. Мен шарт ордуман туруп:

— Таалай, таксиң менен мени Жалал-Абадка алып барып келчи, — дедим да, Асел менен коштошуп, сыртка чыктым.

Ошол сааттан тартып, жүрөгүм алып учуп Таалайдын кандай адам экенин жамандаган аялына көрсөтөм (!) деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Менин сокур сүйүүм ошол сааттан тарта Таалайга мурдагыдан да жалындап күйүп, менин өмүрүмө, тагдырыма Таалай аттуу ысым жазылды. Экөөбүз ынак боло баштадык. Мамилебиз эрди-катындын турмушуна айланып кетти… Мен бар күчүм менен алардын үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдү чечишүүгө араккетенип, материалдык жактан болгон каражатымды аянган жокмун. Арадан зымырап мезгил учуп жатты.

Ооба, мен Таалайдан бир топ жаш улуу элем. Таалайдын апасы бирок жакшы сөздөрүн аянбады. “Сен балдарыма атасы экөөбүз жасай албаган камкордукту жасадың” десе, мен алданып, эмне жакшылык кыларымды билбей кайсаладым. Сүйүү мени сокурга айландырыптыр.

“Балдарымдын атасы эмеспи” деп түштөн кийин акылына келген Асел кечирим сураптыр. Чын-дилимди, жүрөгүмдү арнаган Таалайым мени алдап жүргөнүнө көп болуптур. Акыры жаман сөзүн айтып, таштап кетти. Эркек болуп туруп оозунан чыккан сөзгө тура албаган Таалайды, ушундай мүнөздүү, пас адамды сүйгөнүм үчүн өзүмдү-өзүм кечире ала тургандай эмесмин.

Айласыздан эскилердин “эрди катын урушат, эси кеткен болушат” деген макалын эстедим. Баарынан да Таалай мени биротоло таштап сыртка чыгып баратып, “сиз талаада калбайсыз, сиз акмаксыз!” деген ачуу сөзү али да кулагымда жаңырып турат.

Эх турмуш, армандуу дүйнө, мен акмак болсом, алты жыл бою анын апасы, ага-эжелери, карындашы мени ушунчалык пайдаланып, сүлүк курттай сорушпай, баарын эмнеге убагында токтотушпады? “Эжеке, качандыр бир кезде сиздин жакшылыгыңыз кайтарылаар. Мени кечириңиз. Сиздин артыңыз менен биз бир аз иштерибизди бүтүрүп алалы” дей албады.

Мына окурман, сокур сүйүүнүн айынан менин турмушум кандай кыянаттыкка, эки жүздүүлүккө, жасалмалуулукка кабылды. Кандай адамдарды көрдүм? Көңүлдүн кирин эч ким өчүрө албас. Мен кабылган турмушка силер дагы кабылбагыла, сиңдилерим!

Алтын Акимбекова, Ош шаары 

Aryba.kg

Аргумент.kg