Өзүбек ажы Чотонов: Мугалим туура кылган. Мектеп иткана эмес!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мектепке күчүк алып келген окуучуга мугалимдер тарабынан жасалган мамиле туура болгон. Мындай пикирин коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов айтып чыкты. «Мугалим өзүнүн ишин аткарган, бала итти туура эмес алып келген. Мектеп иткана эмес. Любой мугалим, директор жогот деп айтканга укуктуу».-дейт Өзүбек ажы. Ал кошумчалагандай, батыш гранттары мектептеги тартипти бузуп жатат: «Мектепти бузуп бүтмөй болду батыштын гранттары менен. Мугалимдин чумоосун чыгарып, кордоп, окуучуларга кор кылып, шайлоолордо колдонуп, перегрузка, анан унижать этүү» Буга чейин социалдык тармактарда класска күчүктү баштык менен алып келип, кийимдер менен кошо илип койгон окуучуну тилдеп жаткан мугалимдин видеосу тараган. Анда мугалим окуучуну класска күчүк алып келгени үчүн директорго алып барабыз жана мектептен чыгарабыз деп кыйкырып урушканы, окуучу «экинчи кайталанбайт» деп жатканы тартылган.

Аргумент.kg