ӨЗ ЖОЛУН  ТАПКАН СҮРӨТКЕР

ӨЗ ЖОЛУН ТАПКАН СҮРӨТКЕР

01-жетинин айы, 2019-ж // //

 

Москвада жашаган кыргыз сүрөтчүсү Асатилла Тешебаевдин портретине штрихтер

Үйгө кайтуу

Асатилла  ошо күнү жашаган жерине кеч келди.Кошуна бөлмөдө дагы бир мигрант жашоочу эле.Демейде анын кыймылдап басып  жүргөнү,оокаттарын ары бери кылдыратканы угулуп турчу.Эмнегедир бул жолу дым да чыккан жок.Бирок Асатилла ага көңүл деле бурбады,эртеси кадимкидей эле эртелеп жумуштарына чыгып кетти.Кечинде келсе кошунасы ооруп калыптыр ордунан турбайт .Эки күндөн кийин анын кайтыш болуп калганын билди.

Бул окуя Асатилланы катуу ойго салды.Алыста Европада жүргөн түрк жашоо менен кош айтышты.Өзгөчө түн киргенде  бул ою ого бетер күчөдү.

Бир нече күндөн кийин Асатилла Тешебаев кайра мекенине  сапар тартты.Австрияда иши жүрүшүп,тарткан сүрөттөрү өтө баштап,эң негизгиси аз гана убакыттан кийин  ошол өлкөнүн жарандыгын ала турган мүмкүнчүлүк да  аны кармабады.

Бирок бул жердеги узак жылдар Асатилла  үчүн текке  кеткен жок.Сүрөтчү катары өзүнүн  жолун тапты. Өзүн курчап турган дүйнөнү,жашоо турмушту фотография сыяктуу болгонун болгондой көчүрүп эмес,модернистик ыкма менен өзүнүн идеясын ишке ашырат.Анын көптөгөн иштери жөн гана коллекция кылган жарандарда гана эмес,көп  өлкөлөрдүн айбролуу музейлеринен орун алды.

Бала чак

Асатилла Тешебаевдин бала чагы миңдеген Кыргызстандыктардай  эле элет жергесинде өттү.Баткен областынын Кадамжай районунун Кара-Жыгач  айылында жарык дүйнөгө келген.Элетте өскөн балдар жаштайынан эмгекке бышат.Анан көпчүлүгү ,өзгөчө  ынтаа менен  окугандар ,келечек жөнүндө  ой жүгүртүп он эки жашынан быштап эле эмне каалай тургандыгын көз алдына келтирип сезе башташат.Асатилла ошондо  алтынчы  класста окуса керек,эмнегедир өзүнөн өзү эле колуна карандаш алгысы,көргөндөрүнүн  буюм болобу,табигат  болобу  же  жаныбарларбы сүрөтүн кагаз бетине түшүргүсү  келе баштады.Ошондой күндөрдүн бирин Асатилла өзү мынтип эскертет:

«Бир жолу дептеримди чиймелеп ,бирдемкелерди тартып отурагам.Ошол маалда өзү да сүрөтчүлүккө  окуп  жүргөн авам,атамдын  иниси кирип калды.»Мыкты тартат экенсиң эмне,сүрөтчү болгуң келеби?» Анын бир эле сөзү максатыма канат бүтүрдү.»

Ошондон баштап Асатилла сүрөтчүлүк өнөргө чындап киришип калды.Бүт бош убактысын колуна карандаш алып,кагазды чиймелеп өткөрөт.Аны айылдаштары тоо-ташты,жан жаныбарлады  тартып жүргөндөрүн көп баамдап калышты.

Тилеке каршы мектебинде ошол учурларда сүрөт тартуу сабагы болбой калган эле.Асатилла  республикалык  балдар журналдарынан өзү сыяктуу  мектеп  окуучуларынын тарткан  сүрөттөрүн көрүп,ошолорго окшошкусу  келип ,аракеттин баштады.

Мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги сүрөтүлөр окуу жайына келип кирди.

 

Бишкекте анан Москвадан билим алуу

Асатилла Тешебаев жашынан эле бет алганын бербеген адам.Көпчүлүк учурда табокелге салат.Өзү эле Бишкектеги сүрөтчүлөр окуу жайына кирди.Тандаган өнөрү эмне экендигин аз-аздап түшүнө баштады.Көрсө талант дегенди  табигат көрүнгөнгө  бере бербейт экен.Эмгекчил болбосоң,таланттуулуктан деле натыйжа  чыкпасын түшүндү .

Сүрөтчүлүк оңой  эмес экендигин ,жөн гана көргөн  нерсени окшоштуруп эле коюу жетишсиз болооруна көзү жетти.

Фрунзедеги окуу жайды аяктап кайрадан туулуп өскөн районуна кайтып келди.Сүрөтчү болуп иштеп жасалгалоочу жумуштар менен алек болду.Бирок ошол мезгилдерде  Асатилла өзүнөн өзү эле ойго батып,түнт болуп кетти.Бири бирине  коендой окшош күндөр,эч кандай чыгармачылык  эргүү жок.Анын бала кездеги  максаттары  куру кыял бойдон калып калабы?

Ошондой тажатма  учурдун биринде ВГИКке тапшыруу мүмкүнчүлүгү  пайда болду.Буга чейинки Чуйков атындагы сүрөтчүлүк  окуу жайында  жүргөн учурунда башкалардай ар кайсы жакка таштабай чогултуп жүргөн эмгектерин сыноого койду.

Үйүндөгүлөргө да эч  нерсе деп айтпастан  жыйналып  алып жөнөп кетти.Бүткүл  союздук  кинематография  институтуна кирип билим алам дегендер толтура болоор эле.Асатиллада «өтөмбү,өтпөймбү?»-деген күмөн саноо зор эле.Балким ошондон улам эч кимге  билгизбей Москвага кетсе керек.Эгерде кокус өтпөй калса таптакыр шек алдырбай үйүнө кайтып кетмек.

Бирок тагдыр бу жолу да Асатиллага оң жүзүн  бурду.Анын конкурска койгон  чыгармалары  текшерүүчү  комиссиясынын көңүлүнө толуп,ал өлкө боюнча абройлуу окуу жайдын студенти болуп калды.

ВГИКте Асатилла чыгармачылык эмне экендигин чындап сезди.Канчалаган жаштар колуна кисти кармап,атактуулукту багындыргылары келет.Картиналарын  Лувр баштаган өтө абройлуу көргөзмө залдарга койгулары  келет.Бирок андай тилек баарында болгону менен айрымдарыныкы гана ишке ашат.

Асатилланын бул жагдайда да тагдыры оң болду десек жаңылышпаган болоор элек.Балким ошондой ийгиликтин үрөндөрү дал ошол ВГИКте окуп жүргөн учурда себилгендир.

Кыргыз фильм.Европа

Модернистик жол

Ал кезде СССРдин болуп-толуп турган чагы.Окуу жайды бүтүргөндөр жолдомо менен аймактарга ишке жөнөтүлөт.А.Тешебаев дагы дал ошондой жолдомо менен Фрунзеге  кайтып  келип «Кыргыз фильм» киностудиясына сүрөтчү болуп орношту.Дал ошол учурда улуу акын Токтогул Сатылганов тууралуу фильм тартылганы жатыптыр,ошого сүрөтчү болуп кошулду.Өзү айткандай Сибирди түрө кыдырды  кино тартуунун көрүүчүгө белгисиз ички сырларын ачты.Бирок чыгармачылыгынын көксөгөн  чекити бул эмес экендигин алгачкы күндөрдөн эле сезип баштаган.Анын сүрөтчүлүк тагдыры киного иштөө менен гана чектелип калмак беле?

Акыры бул тармактан кетүүңүн  себеби да,шылтоосу да табылды.Фрунзе шаарында жашай турган жайы да жок эле.Кыргыз фильмдеги жумушунан бошоп кетти.

Асатилла Тешебаев кайрадан Москвага жөнөдү.Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн сүрөтчүлөру оор ахвалына кабылып,көпчүлүгү Москвага кайтып келишти.Алар кадимки атактуу Арбатта отурушуп ар кимге шарж портрет тартышып ,күнүмдүк жашоосун камсыздашчу.Алардын катарынан Асатилла да орун алды.Өзү эскергендей ал жердеги сүрөтчүлөр кайберенди сезген аңчыдай эле болуп калат.Ушу тартылгысы келет деген кардарга кене сыяктуу шап жабышып ,көндүрүүнүн жолдорун билип калышат.Антпесең эч иш кылбай отура берип,кечинде куру-жалак үйүнө кайтасың.Асатилла акырындык менен андай ыкманы да аз аздан өздөштүрө баштады.

Ошондой учурлардын биринде Тешебаевде тагдыр чечкен жолугушуу болду.Шарж тартып отурган сүрөтчүлөрдү аралап бир швед келатты.Көпчүлүк ага артынан  калбай чурулдап сунуштап жатышты.Асатилла да аны  бучкактап шарж-портретин жасап бергенге аракеттенди.Бирок анын аракетинен эч майнап чыккан жок.Бирок швед  анын жасап жаткан иштерин өтө көңүл коюп  карады.Эми мындай окуя көп эле кайталанып жүргөндүктөн Асатилла ал швед жөнүндө бир нече убакыттан  кийин унутуп калды.

Ал эми эртеси ошол швед күтүүсүздөн кайра келди.Анын айткан сунушу кыргыз сүрөтчүсүн катуу ойго салды.Швед Асатилланын чыгармалары абдан жаккандыгын айтып Швецияда иштеп келүүгө чакырды.

Анын бул сунушун Асатилла акыры кабыл алды.Себеби Тешебаев өз жашоосунда күтүүсүз кадамдарга баруудан эч тартынган эмес.Бу жолу да тобокелге салып Батышка барып иштеп келүүнү туура көрдү.

Батыштын өзгөчө жашоосу,андагы адам үчүн жасалган ыңгайлуулуктар кимди болбосун алгач ирээт таң калтырат.Бирок ошол бейиш сяктанган аймакта адамдын өзүн табуусу бир топ эле татаал.Батышта «коллективизм»-деген түшүнүк жок,ар ким өз киндигин өзү кесет.

Асатилла жыл сайын Батышка барып келчү болду.Иши да кичине жылыша түшкөнсүдү Европанын көп өлкөлөрүн кыдырып чыкты.2002-жылдан баштап Австрия өлкөсүн байырлады.Бир жолу жергиликтүү түрк менен таанышып калды.Анын кеңеши менен Тешебаев Австриянын көркөм сүрөт чөйрөсү менен таанышты.Аларды кырыгз сүрөтчүсүнүн чыгармалары  кайдигер калтыргант жок.

Эң негизгиси Асатилла ошо четте жүрүп өзүнүн стилин тапты.

Батыш жашоосу Асатиллага бир чети жаккан өңдөнгөнү менен.Мекенине  болгон кусалыгын күчөдү.Биз эң башында айтып берген окуя  туура он жылдан кийин.Асатилланын Батышты таштап салуусуна түрткү болду.

Чыгармалары эмнени айтат?

                                            

 

 

Асатилла Тешебаедин чыгармаларын көрүүчү ойлонбой туруп карай албайт.Анткени ал абстрактуу деталдар аркылуу идеясы чагылдырганга  аракет кылат.

Кээде  башка эч кимдин оюна келбей тургандай  болгон идеялык  формаларды ишке ашырат.Бул багыттын корифейлери Лотрек,Сезанндардан баштап Пикассо,Сальвадор Далиге чейин мындай ыкманын келечеги кең экендигин чыгармалары менен далилдеп кетишкен.

Биздин каарман ал генийлерди туурабастан өзүнүн темага болгон көз карашын чагылдырат.

Мына картинанын ортодон жогору жагында табак,анын ичинде монета тыйын акчалар жатат.Аны көздөй биринен бири озгусу келген чоң,кичине кашыктар,айрылар (вилка) тамак кесе турган бычактар,кадимки Чынгысхандын аскерлериндей  чабуулга өтүп жатат.Бир карасаң  идеянын формалык чечилиши жөнөкөй,бирок айтайын деген ой өтө омоктуу.

Идея жагынан айкалышып кеткен дагы бир чыгармасы «Асмандан айды алам дегендер»-деп аталат.Бирин бири тебелеп тепсеп бийликке,атааңдаша умтулган  инсандардын образы таасын берилген.Демек ушул эки чыгарма сүрөтчүнүн чыгармачыл кредосун даана көргөзөт.

Асатилланын чыгармачылыгын мыкты билген көп жылдар  бою Прагада «Азаттык» студиясында эмгектенип  келаткан Амирбек Усманов ага мындай деп баа берет: «Асатилла социалдык экономикалык теманы чагылдырган бирден бир кыргыз сүрөтчүсү.Ага бир эле «Кайырчы  бала» деген эмгеги кандай зор теманы көтөргөнүн  мисал кылам: Ал 1990=жылы чет өлкөгө чыгып  иштеди. Анан жашоону салыштырып элдин  оор ахвалын сезди.Жөн гана сезбей ошонун өзүн тема кылып картиналарында  чагылдырды.Мындай жашоо үчүн  күрөштү таасын бере алды.Сүрөтчүнүн дагы бир өзгөчөлүгү ал  түрдүү ыкмада иштей алгандыгы.Ал орустардын классикалык жана ошондой эле авангардык ыкмада да картиналарды жаратат.Боекторду да билгичтик менен пайдалана алат»

Амирбек Усмановдун бул пикирине кошумча катары айтаарыбыз,биздин оюбузча баары бир Тешебаевдин авангардык ыкмада жаралган чыгармалары анын өзгөчөлүгүн аныктаган  картиналар болуп саналат.

Сөз соңу

Азыркы учурда Асатилла Тешебаевдин чыгармачылыгы өзүнө гана таандык  жолун тапкан этапка жетти.

Анын кыл калеминен көрүүчүнү жөн гана кызыктырбастан ,терең ойлонто турган чыгармалар жарала тургандыгынан эч шектенбейбиз.

Олжобай Токтосунов 

Булак: argument.kg