Өттөгү таш кантип пайда болот?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Майлуу курулган тамак,аз кымылдоо өттөгү ташты пайда кылат .Бул туурасында Улуттук хирургия борборунун өт жолдору жана уйку без бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Сыргаев билдирет .

Бөлүм башчынын айтымында ,өттөгү таш организмде зат алмашуу болгондо пайда болот. Өттүн курамында холестерин, билирубин жана электролит деген үч зат бар. Үчөө биригип бир балансты кармап турат. Бирок өт ыйлаакчасы жакшы акпай, катып туруп калганда баягы үч заттын балансы бузулат. Алгач кум пайда болуп, андан кийин ташка айланат.

Ошондой эле,Сыргаев «бир эле өтүн эмес, ашказан, кызыл өңгөчүн текшерип, керектигин кошумчалады.Ички органдардын баарын текшерилгенден кийин гана операция жасоо же жасообо керектиги аныкталат»-деген .

Маалыматка ылайык, адамдардын өтүндө таш болот, бирок ал өт жолдоруна барып такалбаса, оорутпай, билинбей эле жүрө берет. Адам качан майлуу, куурулган, күчтүү тамакты көп жегенде өт жыйрылат дагы, таштар өт жолуна барып такалып оорута баштайт.Айрым учурда адамдар оорунун сезгенүүсүнөн улам бир орунга тура албаган учур кездешет. Көбүнчө эки далынын ортосу, жүрөк туш оорутат.

Эскерте кетчү жагдай,өттүн алдырган адамдар күчтүү тамак жээп,өзүнө көңүл буруусу зарыл.Себеби,адамдарга эч качант ашык орган берилбейт.өттүн жок болушу да кандайдыр бир таасирин тийгизет.Албетте диета кармоо да зарыл ,антпесе башка органдаргы зыян келтирүү ыктымалдуулуг бар.

Аргумент.kg