“Өтө эле аз”. Депутат таза суунун тарифин көтөрүүнү сунуштады
01-кулжа, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваПарламенттин депутаты Дастан Бекешев таза сууга болгон тарифти көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында жазып чыкты.
Анын айтымында, ал жакында эле «Бишкексууканал» ишканасына барып, муниципалдык ишканада бир топ көйгөйлөр бар экенин көрүп келген:\
• түтүктөрдүн эскириши – 70 пайыз;
• суунун коротулушу – 30 пайыз;
• кызматкерлердин эмгек акысынын аздыгы;
• заманбап эсептөө приборлорунун жоктугу.
Эл өкүлү абалды оңдоо үчүн ичүүчү суунун тарифин көтөрүү зарыл деп эсептейт.
“1 тоннасына 8 сом өтө эле аз”, – деп жыйынтыктады Дастан Бекешев.