Өсүп, өнүгөйүн дебейт. Ичкен күйөөмдөн кетип калсам кандай болот?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айылда турам, оорукчан кайын атам бар (чоң бейшеп, кичи бейшеп кылып коет). Аны карап, балдарыма мээрим төгүп мектепке бакчага жөнөтөм. Жаныма батканы жолдошум өнүгөйүн, өсөйүн дебейт. Ичет, мен билем, мен кылып коем деп аябай текебер. Мен атайын курстарга аракет кылып окусам ичип келген күнү «сенин окуганыңды мен давно эле түшүнүп койгом», деп мээмди жейт. Майда-чүйдө ар кандай сөздөрдү айтат. Зээним кейип «атамды карашыныздарчы кыйналып кеттим» деп кайын эже, кайын агаларыма айтсам «үй силерге калат, силер карагыла», деп коет. Жолдошум оорукчан болсо да бар экенине суйунуп атасын карабайт. Өзүм жуунтам, айлам жоктуктан уятты деле жыйыштырып койгом. Ичип тополоң кылса 102ге чалып

коем, кайрале айып пулу өзүмдүн башыма балээ. Төрт баламды алып ушуларга кетирген убактымды өзүмө арнасамбы,

батирлеп болсо да эркин, тынч өмүр сүрсөмбү деп ойлоном. Жашым болсо 30да. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg