Өспүрүм жигитти балалыгыңды алабыз деп кыздар тобу байлоого алып зордуктап кетишкен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Он биринчи класстын окуучусун жыйырма бештеги аялдар тобу зордуктап кеткен.Бул тууралуу 24.ру жазып чыккан. Алардын маалыматында, полицияга өспүрүм баланын ата-энеси уулун кыздар тобу ичимдик ичирип, зордуктап кеткенин айтышкан. Бул полиция кызматкерлеринин башы маң болуп кылмыш ишин кандай максатта ачууну көпкө ойлонушкан. Жабырлануучу өспүрүмдүн айтуусунда, кечке маал дос балдары менен жайкы барга отуруп калышат. Ал жерде башка столдо отурган болжол менен 25-26 жаштагы кыздар ага көз кысып, бирге отурууга чакырышат. Достору сүрөп кол чаап жөнөтүшөт. Өзүнөн улуу экенине карабай ал столдо отурган Катя аттуу кыз аны менен жакын мамиледе болууну сунуштайт. Ал күнү кеч тарап кетишет. Бир жумадай Катя менен жолугушуп, сүйүү романын башталат. Катя жолугушууда аны үйүнө баруусун айтат. Жолдо алар спирт ичимдигин алып анын үйүнө барышат. Спирт ичимдигинен кийин өспүрүм өзүн контролдой албай калган. Бир кезде экинчи кыз пайда болгон. Экөө дырдай жылаңач чечинип, столдун үстүнө чыгып бийлей баштаган. Өспүрүм алгач коркуу сезим пайда болгонун андан кийин делебеси козголо баштаганын айткан. Биз кезде Катя өспүрүмдү да чечинүүсүн айткан. Бир бөлмөдө жылаңачтанган үчөө бир топко бийлеп эки рюмкадан ичип андан кийин өспүрүмду отургучка отургузуп, колдорун артка бекем таңып салышкан. Андан кийин өспүрүмду кыйнап, кезектеше баштаган. Катя болсо өспүрүмгө: “Мен сенин апаңмын, мен сенин балалыгыңды алам. Андан кийин сен мага келип турасың. Биз үчөөбүз сонун компания болобуз ”-деген. Өспүрүмгө мындай көрүнүш жат болгонго бир топко корккон. Төрт сааттык кыйноо өспүрүмгө кылымга татып кеткен. Качан курбу кыздар чарчаганда башка бөлмөгө кирип кетишкен. Байлоодо калган өспүрүм кое беришин суранганда, алар эч кимге айтпай бирок тез-тез келип туруусун айтышып, аны кое беришкен жана такси чакырып салып ийишкен. Бул учурда өспүрүм эмне кылып жатканын билбей калганын айтат. Анткени акыркы ичкен суудан кийин өзүн кармана албай калып жатканын айткан. Жолдо катар досторуна чалып окуяны айтса алар анын ордунда болбой калганын айтса, экинчиси каап мен болсом эмне деп айтышкан. Ал эми ата-энеси болсо баласына наркотикалык кошулма берип кыйнаганын айтышууда. Учурда өспүрүмдү барымтага алып, денесине залал келтирди деген берене менен кылмыш иши катталып, кыздар издөөгө түшкөн.

Аргумент.kg