Ошто УКТнын мүчөсүн мыкаачылык менен өлтүргөн тогузунчу шектүү кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген тогузунчу адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.ө

Белгиленгендей, бир күн мурун кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан ушул жылдын башында киши өлтүрүүгө шектелген Өзгөн районунун 25 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кармалган.

Эске салсак, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири бычакталып каза болгон. Экинчи жабырлануучу арматура менен катуу сабалгандан кийин оор абалда реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында онго жакын адам издөөгө алынып, Ж.А.дан башкасы дээрлик бардыгы кармалган.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg