Ошто окуучулар уруша кетип бири-бирине бычак сайган

Эки окуучу мушташа кетип бири-бирин бычактап салган. Бул тууралуу жергиликтүү булактар билдирген.
Маалыматта, окуя Кара – Суу районунун аймагында болгон. Мушташкан окуучулар Ош шаарына караштуу Панфилов мектебинде окушкан. Талаштан улам мушташа кеткен окуучулар акыры бычак колдонууга өтушүп, бири бирин жарадар кылып коюшкан. Учурда эки өспүрум тең шаардык ооруканага жаткырылды. Жарааты тууралуу азырынча так маалымат жок.
Эскерте кетсек буга чейин да Ош шаарында окуучулар мушташа кетип бычакташып, алган жарааттан улам бирөөсү ооруканадан көз жумган.
ARGUMENT.KG

Аргумент.kg