Ошто мыйзамсыз иштеп жаткан кумарканын бети ачылып ,327 мин сом табылган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайынын бети ачылып, ишине бөгөт коюлду.Бул тууралуу УКМК дан билдиришти.

Маалым болгондой,мыйзамсыз кумар оюндарын текшерүү жашыруун текшерилген. Кумар оюн жайынан 327 000 сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган.

Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын Ж.А. аттуу жаранынан 597 200 сом, 4 800 АКШ доллары, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.

Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумарканаларга карата текшерүү иштери жүрүп жатат.

Булак:Аргумент кж

 

Аргумент.kg