Ошто мурдагы бажы кызматкеринин 27 жаштагы кызы депутат болду

Ошто мурдагы бажы кызматкеринин 27 жаштагы кызы депутат болду

25-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Ош шаардык кеңешине 27 жаштагы Жаркынай Пазылова депутат болуп келди. Ал “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынан аялдардын квотасынын негизинде Айжан Манап кызынын ордуна мандат алган.

Косметолог болуп иштеген 27 жаштагы Жаркынай Пазылованын жергиликтүү кеңешке депутат болушу социалдык тармактарда талкууга алынды.