Ошто кош бойлуу келин күйөөсү тарабынан сабалганын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ошто 28 жаштагы келиндин жолдошу тарабынан сабалган окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

23-декабрда саат 15:40 чамасында Ош шаарында 1994-жылы туулган келин үйнүн короосунда жарандык жолдошу урган үчүн Тез жардам кызматына кайрылгандыгы билдирилген. Бул факты боюнча жыйналган иш кагаздар, ошол эле күнү Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чиймеси чийилип жана сүрөт таблицасы тиркелген, күбөлөр суралган.

Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө 23-декабрда саат 13:00 чамасында жарандык жолдошу пикир келишпестиктен улам уюлдук телефон менен урганда ичине тийип денесинен жараат алгандыгын, өзү кош бойлуу экендигин билдирген. Ошол эле күнү күбө катары жабырлануучунун апасы, иниси жана күйөөсү суралган. Ал эми жабырлануучу келин үч айлык кош бойлуу болгондуктан ооруканага Тез жардам аркылуу жеткирилип, ошол маалдагы абалына байланыштуу арыз алууга мүмкүн болгон эмес.

Ошондуктан жабырлануучуну ошол күнү сурак кылууга жана арыз алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бирок Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү бул фактыны дарыгердин билдирүүсү боюнча баштап, тиешелүү тергөө иштерин улантып келе жатат. Тергөө кызматы тарабынан денесинен алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча текшерүү иштери улантылууда.

Аргумент.kg