Ошто эки окуучу көп кабаттуу үйдөн кулап, бири каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарындагы беш кабаттуу үйдүн чатырынан эки окуучу кыз кулап, бирөө каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 17-март күнү болгон. 7-класста чогуу окуган эки кыз Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9 үйдүн чатырынан бой таштаган.

Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болгон, экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аргумент.kg