Ошто аялынын көңүлүн алыш үчүн жолдогу гүлдөрдү үзгөн киши кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарында мас абалда гүл челектен гүлдөрдү үзүп кеткен адам кармалып, кылган ишинин себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү жол боюндагы гүлдөрдү жулуп кеткен адам изделип жатканы кабарланган. Ал көп өтпөй кармалып, 1980-жылы туулган Э.Ш. экени белгилүү болгон. Ал бул иш боюнча көрсөтмөнү төмөнкүчө берген.

“Үйгө көбүрөөк ичип бардым, аялым үйгө киргизбей, эшикке чыгарып салды. Анын көңүлүн алуу үчүн жолдогу гүлдөрдү жулуп үйгө алып бардым. Аялыма бердим. Бирок мен туура эмес иш кылып койдум”, – деп билдирген ал.

Ал эми гүлдөрдү анын карындашы кайра сатып берип, чыгымдарды төлөп берген.

Аргумент.kg