Ошто 6 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ошто 6 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен, Н.у.А. аттуу жаран 6 жаштагы кыздын алсыз абалынан пайдаланып, ага карата өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы, анын ден-соолугуна физикалык жана психологиялык залал келтиргендиги үчүн, “зордуктоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Райондук прокуратура бул өкүмгө макул эместигин билдирип, анын жазасы жасалган кылмыштын оордугуна дал келбегендиги үчүн апелляциялык сунуштама келтирген.

Натыйжада, Ош облустук сотунун өкүмү менен апелляциялык сунуштама канааттандырылып, Н.у.А. карата өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Аргумент.kg