Ошто 5 жана 6 жаштагы кыздарга 44 жаштагы жаран ыплас аракеттерди жасаган деп шектелүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

3-апрель күнү Кара-Суу РИИБге маалымат түшүп, анда Кара-Суу шаарынын тургуну 2017-жылы туулган кызды үйүнүн алдында белгисиз адам колунан кармап, унаасына салып келгендигин билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Аталган факты Кара-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналга катталып, териштирүү иштери башталган.

Алгачы текшерүүнүн жүрүшүндө, 29-март күнү Кара-Суу шаарында 44 жаштагы жаран 5 жана 6 жаштагы кыздарга унаасында ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталган. 158-берененин негизинде (ыплас аракеттер) кылмыш иши козголуп, 4-апрель күнү кылмышка шектүү катары жаран камакка алынган.

Аргумент.kg