
Ошто 3 балалуу келин мууздалып каза болгон
05-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОшто 3 балалуу келин мууздалып өлтүрүлдү. Маалыматты Ош ШИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, кылмышка шектелип жолдошу кармалып, камакка алынган. Окуя 2-апрелде болгон.
«2000-жылы туулган жарандын жансыз денеси Ак-Буура дарыясынын жээгинен табылган. Кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган жолдошу кармалган. Ал жубайын башка бир эркектен кызганып, артынан аңдып, жээкте отурган бычак менен кол салып, качып кеткен»,- деп айтылат маалыматта.
Келиндин сөөгү кечээ, 3-апрелде жерге берилген. Экөөнүн ортосунда 3 баласы бар.