Ош: Сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, короосуна көмүп койгон жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облустук соту 22 жаштагы Медияна Талантбекованы өлтүрүп, короосуна көмүп койгон 24 жаштагы Абдулбасит Назаралиевди өмүр бою эркинен ажыратты. Сот отуруму 30-сентябрда өттү.

Маркумдун атасы Талантбек Эргешов соттун чечимине ыраазы болгонун айтты. Ал мындай окуялар кайталанбашы үчүн кылмышкерлерди катаал жазага тартуу керек экенин белгиледи.

Медиянанын өлүмү тууралуу үстүбүздөгү жылдын февраль айында белгилүү болгон. Атасы укук коргоо органдарына кайрылып, кызы 30-январдан бери дайынсыз болуп жатканын айткан.

Милиция кылмышка шектүү катары анын сүйлөшүп жүргөн 24 жаштагы жигитин кармаган. 8-февралда Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы шектүүнүн жашаган үйү кароого алынып, 35-40 см тереңдикте казылган чуңкурдан кыздын сөөгү табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу маркум менен жакын мамиледе болуп, 2021-жылдын декабрь айында «бир жолу жыныстык катнашка барганын» айтып, ошондой эле күнөөсүн толугу менен моюндаган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, жабырлануучу көкүрөгүнөн 9 жолу, киндик тарабынан 1 жолу жаракат алган. Ал эми моюну толугу менен жабыр көргөн. Ошондой эле жабырлануучунун 6-7 апталык кош бойлуу болгону аныкталган.

Мындан улам «Кош бойлуу аялды мыкаачылык менен өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми июль айында Кара-Суу райондук соту шектүүнү үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыраткан. Буга маркумдун жакындары нааразы болуп, апелляциялык даттануу беришкен.

Булак: Клооп.кж

Аргумент.kg