Ош шаарындагы оор кылмыштарды Марлис Асанов жашырып жатабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өткөн айда Ош шаарындагы акча алмаштыруу жайына беткапчандар кирип, зомбулук көрсөтүшүп, 3 миллион 600 миң долларды тоноп кетишкен. Бул оор кылмыштын бетин Ош ШИИБ ача албай, мукурап отурган кербези. Өздүк булагыбыз билдиргендей, аз күн мурда Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда кыз-жигит машинада сүйлөшүп отурса, “тили буруу” үч эргул келип кордук көрсөтүшкөнү ыраспы? Жигитти сабап-тоношуп, кызды кезектешип зордукташканбы? Эмне үчүн бул боюнча маалымат чыкпай атат? Ош ШИИБ начальниги Марлис Асанов жашырып-жапкан чагыбы? Расмий маалымат чыкпай жатса, биз атайын жогорку жетекчиликтерге суроо маанайында кайрылып турабыз. Териштирүү жүрүп, оор кылмыштар жашырылбай ачыкталабы, же “бармак басты, көз кысты” боюнча калып кетеби?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg