Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов иштен кетти

Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов иштен кетти

14-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ээлеген кызматынан бошотулду.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар анын кызмат абалынан аша чаап, бир топ түшүмдүү делген сугат жерлерин менчиктештирип, бир туугандарына каттатып алышканын айтышып, жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүшкөн.

Ошондон соң анын жакын арада кызматтан кетээри коомчулукта кызуу талкууланган. Эми анын ордуна Америкага элчи болуп кетет деп, ал жак кабыл албай койгон Ахматбек Келдибеков Ош облусунун губернатору болуп калышы мүмкүн экени айтылууда…