ОШ БАЗАРЫНДА ӨРТТӨН ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН ЖАРЫМЫНЫН ГАНА ПАТЕНТИ БОЛГОН

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ош базарында өрттөн жабыркаган 74 гана ишкердин патенти бар экени аныкталды.
Маалым болгондой, материалдык зыянды калыбына келтирүү боюнча 150 жабыркагандан арыз түшкөнү менен, анын 74ү гана мыйзам чегинде иш алып баргандыгы аныкталды.
Белгилей кетсек, буга чейин ишкердик субьектилерин каттоо жөнүндө күбөлүктү жана келтирилген зыянды тастыктаган документтер тапшырылбаса, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөй турганы айтылган. Ош базарында ири өрт 30-январда чыккан.

Аргумент.kg