
Орусия менен Украинанын делегаттары мушташа кетти
05-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОрусия менен Украинанын делегаттары мушташа кеткен.Бул туралуу «Россия 1» телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабаеева жарыялаганын «РБК» билдирди.
Маалыматка ылайык,делегеттар Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясынын Анкарада өтүп жаткан саммитинде мушташа кетишкен.Аталган окуя,Мамлекеттик Думанын депутаты Ольга Тимофеева камералардын алдында сүйлөп жатканда болгон.Депутат сүйлөп жатканда,украин делегациясынын өкүлү келип,Украинанын желегин желбиреткен.Муну көргөн Мамлекеттик Думанын эл аралык бөлүмүнүн кызматкери анын жанына келип, желекти жулуп алып, алып кетүүгө аракет кылган. Ошондон кийин Украинанын делегаты аны чаап жиберген.
«Учурда биздин өкүл ооруканада ,ал жактан керектүү текшерүүдөн өтүп жатат.Окуяга катыштыг бар делегат мыйзам чегинде жазасын алсын»,-деп билдирди Орусиянын Туркиядагы элчилиги.
Булак:Аргумент кж