Орусиялык миллиардер Алматыда террористке шектелди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Орусиялык миллиардер, «Технониколь» компаниясынын те ээси Игорь Рыбаков Казакстанда террористе шектелип кармалган.  Бул тууралуу казак маалымат булактары бизнесмен Глеб Клименконун баракчасына шилтеме берип жазып чыгышты.

Маалыматта, ишкер интернет жана байланыш жоктугуна байланыштуу бир нече күндөн бери кабарын билдире албай жаткан.

«Мени алар террорист катары шек санап кармашты. Чын эле мен террористердей көрүнуп жатамбы?  Менин автоматчан жоокердин айдоосунда бара жаткан видеолорум да бар. Интернет жоктугуна байланыштуу аларды жарыялай албай жатам. Дагы жакшы аягы жакшы бүттү. Үч күндөн бери бүгүн бир саатка интернет берилди. Ким үлгүрсө алар интернетке маалыматтарын жүктөдү, ал эми биз болсо амандыгыбызды жакындарыбызга билдирдик. Мен Казакстандан чыгып кетүүгө аракет кылып жатам бирок мүмкүнчүлүк болбой жатат. Алматыдан коопсуз аймакка чыгып алсам самолетко отурат элем. Мен көргөн окуя башка ал эми массалык маалымат каражаттарына берилген маалыматтар таптакыр коошпой турат. Алматыда болгон абалды мен өз көзүм менен көрдүм. Менде көптөгөн материалдар бар, аман болсом аларды видео кылып ачыкка чыгарам», — деп жазган миллиардер Игорь Рыбаков.

Миллиардер 3-январда бизнес форумга катышуу максатында Алматыга учуп келип,  жаңы жылдык эс алууда жаткан.

Аргумент.kg