Орусияда кыргыз кыздарына кол салып жүргөн маньяк кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

25 жаштагы Иван Ильин Екатеринбургда жашаган кыргызстандыкка мыкаачылык менен кол салган деп шектелүүдө. 23-мартта РИА Новости билдиргендей, Свердлов районунун Тергөө комитети кармалган адамдын башка өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси болушу
мүмкүн деп эсептейт.ММКлардын маалыматына караганда, Ильин өзүнүн кичи мекени Курган шаарында мектепти аяктаган. Ал жерден Екатеринбургга көчүп келип, Урал Федералдык Университетине тчыгыш таануу факультетине тапшырган. Жигит жапон маданияты жана тарыхына кызыгат.
Ильин азиялык аялдарды кыйноонун ырайымсыз көрүнүштөрү бар комикстерди, фильмдерди жана адабиятты жакшы көрчү.«Ал япон тасмаларына жана видеолоруна субтитр даярдадаган. Ал тургай, журналдын бир нече санын — жапон пьесалары, ырлары, комикстери менен жарыялаган. Темасы бир: азиялык аялдарга карата кыйноо жана зордук-зомбулук».
2020-жылы кышында ал өзүнүн чыгармасын коомчулукка жарыялаган. Ал жерде ал аялдардын «тажатма көз караштарын» сындап, Азиянын өкүлдөрүнүн сулуулугун даңазалап көрсөткөн.
2020-жылдын сентябрь айында Ильин 17 жаштагы кыргыз кызга кол салган. Жигит ага артынан жакындап, эки жолу далысына жана ашказанына бычак сайган. Тергөөнүн версиясы боюнча, кол салган адам окуя болгон күнү аялдамада кызды көрүп, андан кийин анын артынан аңдып баштаган. Кызга эч ким жок . Кийинчирээк жабырлануучунун туугандары журналисттерге кыздын бөйрөгүн жана ичегилеринин бир бөлүгүн алып салышканын айтышкан. Жабырлануучу Кыргызстандан Екатеринбургга конокко келгени белгилүү болду.
Ильиндин кийинки курмандыгы 19 жаштагы Гуля бол он. Ал Орусиянын жараны бирок Кыргызстанда төрөлгөн. Анын үй-бүлөсү 16 жыл мурун бул шаарга көчүп келген. Кыз өзү ата-энесинен бөлүнүп өзүнчө батирде турчу.
Кол салуу болгон күнү ал жумуштан кеч кайтып келе жаткан. «Күндөгүдөй эле мен трамвайга түшүп, «Уралмаш» метросунан түштүм. Эл көп болчу», — деди Гуля. Кыздын айтымында, Ильин аны кууп жетип, эки имаратты бириктирген аркага жеткенде Гуляга кол салган.
«Мен бардыгын бүдөмүк эстейм. Катуу ооруну сезгенде сол колум менен башымды кармадым. Дагы эки сокку болду. Андан кийин бир машина аркага кирип келди. Тиги бала коркуп кетти окшойт, ал бычагын ыргытып жиберип, көздөн кайым болду. Мен болсо жардамга чакырып, машинага колумду шилтей баштадым. Ошондо мен байкадым, ортоңку манжам кесилгенин, экинчи манжам териге илинип түшөйүн деп калыптыр», — деп эскерет жабырлануучу. Көчөдө өтүп бара жаткандар анын жанына чуркап келишип тез жардам
кызматын жана полиция чакырышкан.
Эки кыз тең майып болуп калган.
Ильин январдын аягында кармалган. Тинтүү алар бычактын арсеналын табышкан. Шектүү психологиялык жана психиатриялык экспертизадан өтүп жатат. Мындан тышкары, жигит күндөлүк жазып, ал жерде кыздарга кол салуулары жөнүндө жазып жүргөн.

Аргумент.kg