Дайыр Орунбеков ,туристтик сезон башталганда негативдүү маалыматтарды таратпоого чакырды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков ЖМКлардан негативдүү маалымат таратпоону суранды.

«Алдыңкы айларда туристтик сезон башталат. Андыктан негативдүү маалыматтарды, туристтерди чочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турсак. Нарында мас болуп алып жаш баланы зордуктап өлтүргөн, Таласта мал базардагы жапайычылык жазалоо деген сяктуу көрүнүштөр кесепетин тийгизет. Аны болсо биз баарыбыз жарышып таратып жатабыз. Жаманды жашырып, жакшыны ашыралычы. Мына ушундай окуядан кийин Таласка, Нарынга бирөө келеби?! Туризм өнүккөн башка өлкөлөрдө деле кылмыш, кырсыктар болот, бирок алар жарыялап, өз мамлекетинин кадыр-баркын төмөндөтпөйт», — деп жазды Орунбеков.

Ошондой эле, Кыргызстандын жакшы жерлерин жайылтууну суранды.

Булак: Аргумент кж

Аргумент.kg