Орун басарлар баркын билеби? Министр Улан Ниязбековдун дымактуу жүрүшү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кыйын экен. Чын эле. Эки жылдын ичинде беш орун басарына генералдык чиндерди алып берди. Мындай көрүнүш ИИМдин тарыхында болгон эмес. Бул жандоочторуна камкордук көрүүнүн үлгүсү. А келечекте даражасы көтөрүлгөн орун басарлары канчалык деңгээлде жакшылыкты акташат? Так айтуу кыйын. Себеби, шефин сатып кеткен анткорлор арбын эмеспи. Өзгөчө милициянын жетекчилери арасында далайы жаза басышкан. Аныгында, генерал-лейтенант Улан Ниязбеков орун басарларын кастарлаган жагынан дымактуу жүрүш жасады. Бир эсе каарманыбыз иш жүзүндө ийгиликтерди жаратканы, сөз менен реалдуулукту айкалыштырганы, президентти ынандыра билгени, дегеле ар бир кадамы башка министрлерден айырмаланып келатканы жашыруун эмес. Алыска чуркасын…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg