Өрттөн улам , 6 айлык ымыркай чарчап келди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Токмок шаарында өрттүн кесепетинен улам, 6 айлык ымыркай чарчап калды.Бул тууралуу Чүй облусттук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде Токмок шаардык милициясына Овчаров көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган даректе жашаган 48 жаштагы У.А. аттуу аял бөлмөдө жайгашкан мешке от жагып, жанындагы тапчанга 6 айлык небересин жаткырып, короого чыгып үй жумуштарын менен алектенген.

“Бөлмөдөн өрт чыгып, ичиндеги бөбөк өрттүн кесепетинен чарчап калган. Ымыркайдын сөөгүн жардамга келген бейтааныш жаран алып чыккан. Өрт шаардык өрткө каршы кызматы тарабынан өчүрүлгөн” , — деп белгилешти милициядан.

Аталган факты Токмок шаардык милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Зарыл болгон укуктук экспертизалар дайындалды.

Булак:Агумент кж

Аргумент.kg