Орозо бүтсө, Урмат байке менен тоодон таанышмай болдум…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

(Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевге!)

Курбу кызым бизнесмен жигит менен сүйлөшүп жүрөт. Экөөнүн ынтымагы аябай жакшы. Азырынча баш кошо элек. Жигити өзүнөн көп жаш улуу. Биз бир жолу жолуктук. Орой сүйлөгөн, мактанчаак экен. Сүрөттөрүн көрсөтүп жатып, “Чемпионду” көрдүңөрбү? Бул менин досум. Токмок шаарынын мэри!” деди. Ал күн сонун өттү… Анан жаңылык тартуулаган адамга кызыга баштадым. Толмоч келген, кара көздүү, өңдүү жүзгө арбалдым. Аты-жөнүн толук билсем – Урмат Самаев! Интернеттен маалымат чогултуп, баарын окуп чыктым. Мурда депутат болуптур. Курбу кызым “Урмат байке менен тааныштырам. Акчасы көп, чоңдор менен мамилеси жакшы” деп кызыктырып койду. Орозо бүтсө тоого чыгып, эс алып келүүнү пландап жатабыз. Ошондо Урмат байке биз менен бирге барарын курбу кызым айтты. Өзүмчө кубанып, тынчсызданып, күтө баштадым. Чын эле Урмат байкени жакшы көрүп калдымбы? Эмнегедир ага өзүмдү арнап, бирге болууну кыялданып жатам…

 

Алия, 23 жашта  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg