Орозо айт майрамында коопсуздук чаралар сакталат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Орозо айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын бөлүмдөрү коомдук
жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында
ыкчам-алдын алуу мүнөздөгү күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.
Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл
бурулууда.
9 миңден ашык милиция кызматкери майрам күндөрү укук тартибин жана
коопсуздукту камсыз кылат.

ИИМдин «Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу
жөнүндө» буйругуна ылайык аймактык бөлүктөрдө милиция кызматкерлеринин
кызмат өтөөгө даярдыгын жана коомдук тартипти жана жарандардын
коопсуздугун сактоодо өз милдеттерин аткаруудагы даярдыктары гарнизондук
саптык кароолордо текшерүү жүргүзүлдү.

Ошондой эле, коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт.
Өздүк курам ыкчам кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүү жана мыйзам бузуу
фактыларына токтоосуз жооп кайтаруу чаралары көрүлөт.
Мындан сырткары жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана
мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кызматкерлерге түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.

Аргумент.kg