Орозайым Нарматованын атасы сурак берди

Орозайым Нарматованын атасы сурак берди

17-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жогорку Кеңештин депутаты Орзайым Нарматованын атасы УКМКда суракка алынды. Бул тууралуу эл депутатынын жардамчысы Мирлан Урайымов билдирди.

Анын айтымында, сурак парламентарийдин дипломуна байланыштуу болгон.

«Сурак учурунда так эмнелер талкууланганын билбейбиз. Орозайым Нарматованын атасы жөнөкөй адам, менимче, жыйында гана баарын түшүндүрүп бере алат. Ал бүгүн суракка чакырылды, ал УКМКдан чыгып кеткен», — деди Мирлан Урайымов.