Орозайым Нарматовага амбициядан башка да көп нерсе жетишпейт экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социалдык тармактын бетин бербей, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таркаган Орозайым деген депутат кыз тууралуу кепке кулак салалы.
Бул Орозайым Нарматова тууралуу ар кандай сөздөр түгөнбөй койду. Амбициясы аттын башындай болгон менен ошого жараша билим, шык, жөндөм, талант деген болуу керек да. Курулай сөздөн эчтеке чыкпайт эмеспи.
Билими тууралуу айтсак, ал кайсы мезгилде ЖАМУ окуп бүтүрөт? Качан болсо Россияда жүрсө, жарандыгы да Россия Федерациясыныкы экен.
Айтмакчы, ал кайсы мыйзам негизинде депутат болуп шайланды экен. Эгерде анын жарандыгы башка мамлекеттики болсо биздин билишибизче мыйзам анын депутат болушуна жол бербейт. Айтор бул кыз үчүн эмнегедир чек жоктой бардык нерсеге. Сөздү деле ченебей сүйлөйт, адеп ахлак, улуу кичүү, ыйман ызат деген түшүнүктөрдөн алыс окшойт. Эл өкүлү болууга көп нерсеси туура келбейт экен.

Сайракан Салиева

Аргумент.kg