Орозайым Нарматова жазага тартылабы? Мандат да буюрбай калды
20-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБир маегинде Орозайым Нарматова оозун түйрүй сүйлөп, “Москвадан бухгалтердин окуусун бүткөм” деп алдаганын кантебиз? Көрсө, Жалал-Абаддагы эле университеттен мыйзамсыз иретте диплом алган турбайбы. Бул боюнча УКМК тастыктады. Эми мандатынан ажырап, көнгөн адатынча блогерлик ишин кылса керек. Мыйзамдын талабына жараша парламент депутаты жогорку билимге ээ болушу зарыл. А Нарматованын көз боёмочулугу ачыкталып калды го? БШК качан кыймылдайт? Кыскасы, депутаттык кресло буюрган эмес экен да. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ЖАМУнун мугалимдери менен кошо жазасын алабы?..
«Азия Ньюс» гезити