Орозайым Нарматова: «Мени Ак Үйдүн алдына дарга асып койгула»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Ошончолук эле мамлекетке зыян келтирип жатсак, Ак үйдүн алдында дарга асып койгула». Бул тууралуу бүгункү соттук отурумунда мурдагы депутат Орозайым Нарматова билдирди.

«Мага байлык же бийлик керек болсо, Садыр Жапаровдун жанында кошомат кылып отурмакмын. Тилекке каршы Садыр Жапаровдун, Кумтөрдүн, эл-жердин келечеги үчүн жүргөндөр кармалып жатат. Мен чындыкты чыркыратып айтканым үчүн ушул жерде отурам. Камак менен коркутат эле, камагы деле коркунучтуу эмес экен. Бир бөлмөдө жатат экенсиң, эл-журт мына сиздер багып, күндө тамак-аш киргизип жатасыңар. Ошончолук эле мамлекетке зыян келтирип жатсак, Ак үйдүн алдында дарга асып койгула. Камактан корксок, чындыкты айтпайт элек.Чындык бирөө, ал элге таандык экенин унутпайлы»,— деди Нарматова.

Эске салсак, Нарматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу «жапырт башаламандык уюштурууга даярданды» деген шек менен Москвада кармалып, 27-октябрда Бишкекке жеткирилген.

Биринчи май райондук соту аны эки айга Бишкектин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камоо чечимин чыгарып, 16-ноябрда Бишкек шаардык соту чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Аргумент.kg